Кыргыз мамлекеттик университети жана «Кабар» улуттук маалымат агенттиги ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана «Кабар» маалымат агенттиги ортосунда кызматташтык келишими түзүлдү. Келишимге КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиев жана «Кабар» улуттук маалымат агенттигинин директору Медербек Шерметалиев кол коюшту.
Келишимдин негизги максаты: «Кабар» улуттук агенттигинин медиа ресурстарын пайдалануу менен студенттердин журналистика, коммуникациялар жана массалык маалыматтар жаатындагы билимдерин тереңдетүү жана журналистика жаатында академиялык жана практикалык ишмердүүлүктөрдү бириктирип, студенттерге иш тажрыйбасын алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү.
Келишимдин алкагында КМУнун студенттери «Кабар» агенттигинде практикалык тажрыйба алышып, өздөрүнүн журналистикадагы жана медиа коммуникациялардагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жол ачат. Ошондой эле, агенттик үчүн жаңы таланттарды ачуу жана медиа тармагында жаш журналисттерди тарбиялоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.