Blog Image

Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер» күнү өттү

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Ачык эшиктер» күнү өттү. Иш-чарага Бишкек шаарынын №42 мектеп-гимназиясынын окуучулары катышты. “Ачык эшиктер” күнүнүн жүрүшүндө М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасы, Химия жана аны окутуунун технологиясы, География жана аны окутуунун технологиясы кафедраларынын окутуучулары окуучуларга окуу процессинде колдонулган заманбап лабораториялар, илимий жабдуулардын иштөө принциптери тууралуу кеңири айтып беришип, алардын мүмкүнчүлүктөрү менен тааныштырды.

Иш-чара Табигый илимдер жана туризм институтунун Жалпы биология жана аны окутуунун технологиясы кафедрасы тарабынан уюштурулду.