Кыргыз мамлекеттик университетинде коррупциянын алдын алуу боюнча иш-чара өттү
Бүгүн, 17-январь күнү, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде коррупциянын алдын алуу боюнча кеңешме ректор тарабынан өткөрүлдү. Иш-чарага Окуу иштери боюнча проректор Раушанбек Зайниев, Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору, Айгүл Чалданбаева, Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана профессордук-окутуучулар курамы катышты.
Иш-чаранын негизги максаты: университеттин профессордук-окутуучулук курамына жана жалпы кызматкерлерине коррупцияга каршы күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү, ошондой эле, мыйзамдардын талаптарын жана университеттин ички нормативдик документтерин бекем сактоону камсыздоо.
Ошондой эле, университетте коррупцияга каршы күрөшүү жана тазалыкты сактоо боюнча жаңы механизмдер, ишмердүүлүктү жакшыртуу боюнча бир нече сунуштар жана иш-чаралар сунушталды.