Blog Image

Кыргыз мамлекеттик университетинде «Мурас» фестивалы өттү

Бүгүн, 26-ноябрь күнү, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Мурас» фестивалы өттү.

Иш-чарага КМУнун илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Өзбекстандын кол өнөрчүлөр ассоциациясынын мүчөсү Турсуной Ташпулатова жана кол өнөрчү Хабиба Шакирова катышты.

Иш-чаранын негизги максаты: маданий мурастар аркылуу кайра иштетүү маданиятын жайылтуу.

Фестивалдын алкагында Бишкектин жети университетинде экомода көргөзмөсү жана мастер-класстар өткөрүлүп, анда 700 студент кайра иштетүү ыкмаларын үйрөнүшөт.

Иш-чара КМУнун Стартап борбору тарабынан уюштурулду.