Кыргыз мамлекеттик университетинде оффлайн сабактар башталды
И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2025–2026-окуу жылынын күзгү семестри оффлайн форматта башталды. Студенттер жана окутуучулар окуу жайдын аудиторияларына кайтып, жандуу билим берүү процесси жанданды.
Сабактар университеттин бардык институттары жана факультеттеринде белгиленген расписание боюнча өтүп жатат.
Окуу жылынын башталышы менен бирге жаңы студенттер үчүн таанышуу, адаптация жана мотивациялык иш-чаралар да уюштурулууда.