"Кыргыз наркы Манаста", "Улутумдун улуулугу Манаста" аталышында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкан студенттер КРнын Жогорку Кеңешинде болушту
Бүгүн, 27-декабрда И. Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун Манас таануу кафедрасынын студенттери жана ар бир курамдан "Манас" жумалыгындагы "Кыргыз наркы Манаста", "Улутумдун улуулугу Манаста" аталышында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкан студенттер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине экскурсияга барып, депутаттар менен жолугуп, кызыктуу маек куруп келишти.