Blog Image

“Кыргыз Республикасынын экономикасын инновациялык өнүктүрүү көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол

2022-11-22
И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана башкаруу институтунда Ишеналы Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Кыргыз Республикасынын экономикасын инновациялык өнүктүрүү көйгөйлөрү” аттуу тегерек стол болуп өттү. Тегерек столду экономика илимдеринин доктору, профессор Эльдар Самигулин алып барды. Иш-чарага Ташкент мамлекеттик университетинин профессору Рая Карлибаева, Казань СЭИнин доценти Юлия Валеева, И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана башкаруу институтунун жана М.Рыскулбеков атындагы КЭУнун өкүлдөрү, MAUPFIB, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Окуу борборунун адистери, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын адистери жана башка эксперттер катышышты.
Иш-чаранын катышуучулары ааламдашуу шартында өлкө өзүнүн экономикалык, социалдык жана саясий абалынын жаңы баскычтарына чыгышы керектигин, Кыргыз Республикасын заманбап дүйнөдө алдыңкы өлкөлөрдүн бири боло аларын белгилешти. Мындай бурулушка бут тосо турган негизги көйгөйлөр жана тоскоолдуктар, инновациялык саясаттын максаттары жана милдеттери, улуттук инновациялык системаны түзүүнүн перспективалары талкууга алынды. Илимдин инновациялык экономикадагы өзгөчө ролу аныкталды. Анткени инновацияларды өнүктүрүү кандайдыр бир чөйрөдө жаңы товарга же кызмат көрсөтүүгө болгон муктаждыкты аныктоого жана аларды андан ары өнүктүрүүгө багытталган илимий изилдөөлөрдөн улам келип чыгат.
Пикир алмашуу аркылуу өлкөбүздүн экономикасын инновациялык өнүктүрүүдөгү эң актуалдуу көйгөйлөр талдоого алынды, атап айтканда:
1) Кыргыз Республикасында билим берүү жана илим көйгөйлөрүнө жетиштүү көңүл бурулбагандыгы;
2) өлкөдө ири өнөр жай ишканаларынын жоктугуна байланыштуу инновацияларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү боюнча илимий-изилдөө институттарын түзүү жана иштеши үчүн шарттардын жоктугу.