Blog Image

Кыргыз Республикасынын эл мугалими Симила Абдрахманова КМУнун студенттери менен жолугушту 

Кыргыз Республикасынын эл мугалими Симила Абдрахманова И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери менен жолукту. Жолугушууга университеттин ректору, профессор Айгүл Абдраева катышты. 
Симила Абдрахманова 1967-ж. Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыка бөлүмүн бүтүргөн. 1976-ж. Калинин районундагы Эркинсай орто мектебинде музыка мугалими болуп иштеген. 1991-ж. тартып «Эл агартуунун отличниги». 1995-ж. бери Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими.
Университеттин ардактуу бүтүрүүчүсү Симила Абдрахманова студенттерге кызыктуу маек куруп берип, алардын суроолоруна жооп берди.