Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинде Япониянын IM Japan компаниясынын жана И.Арабаев атындагы КМУ ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу аземи өттү
20-январь күнү Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлиги, Япониянын IM Japan компаниясынын эл аралык уюму жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети ортосунда кызматташуу боюнча меморандумга кол коюу аземи болуп өттү.
Документ Японияда кадрларга болгон өсүп жаткан талаптарды канааттандыруу, кыргызстандык адистерди жогорку деңгээлде даярдоо жана аларга Японияда жана Кыргызстанда ишке орношууга мүмкүнчүлүк берүү максатында багытталган.
Кызматташтыктын негизги багыттары төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргызстандык адистердин Япониянын эмгек рыногундагы мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу;
- Кыргызстандан квалификациялуу кадрларды ишке алууда япон компанияларына колдоо көрсөтүү;
- Кесиптик жөндөмдөрдү өнүктүрүү жана жумушчу күчүнүн мобилдүүлүгүнө арналган семинарлар менен мастер-класстарды биргелешип өткөрүү;
- Кыргызстанда япон тилин окутууну өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- Кесиптик бирикмелер жана мамлекеттик түзүмдөр менен кызматташтыкты бекемдөө.
Тараптар максаттарды натыйжалуу ишке ашыруу жана кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн жеке келишимдерди түзүү жөнүндө макулдашты.
Меморандумга КРнын Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министри Равшанбек Сабиров, Япониянын IM Japan компаниясынын эл аралык уюмунун төрагасы Канамори Хитоши жана И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору Айгүл Абдраева кол коюшту.