Blog Image

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форумунда И.Арабаев атындагы КМУнун ректору презентация өткөрдү

13-октябрь күнү И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, профессор Айгүл Абдраева Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ректорлорунун III форумунда “Кыргызстандагы гуманитардык-педагогикалык ЖОЖдор: фактылар жана негизги тенденциялар” аталышында презентация өткөрдү. Анда, КМУнун ректору гуманитардык-педагогикалык багыттагы борбор калаадагы – 3, региондордогу – 7 жана мамлекеттер аралык – 4 жогорку окуу жайларын көргөзгөн. Андан тышкары, 2 мамлекеттин гуманитардык-педагогикалык багыттагы ЖОЖдорунун педагогикалык кадрларды даярдоодо эл аралык кызматташтыгы (академиялык мобилдүүлүк жана илимий ишмердүүлүк) тууралуу жана андан башка кызыктуу маалыматтар камтылган.