Blog Image

“Kyrgyz Tourism” компаниясынын директору Айша Мамбеталиева менен жолугушуу "Туризмди өнүктүрүүдө оператордук иш жана медиа"

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Журналистика бөлүмүнүн студенттери менен “Кыргыз туризм” туристтик компаниясынын директору Айша Мамбеталиеванын жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө Айша Мамбеталиева Кыргызстандагы туристтик жайларды тартууда оператордун ишинин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып берди. Ал өзүнүн иш тажрыйбасы менен бөлүшүп, сулуулукту көрүү, кызыктуу жерлерди табуу жана көрүүчүлөрдү кызыктырган динамикалык кадрларды түзүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Туризмди өнүктүрүүдө массалык маалымат каражаттарынын ролуна өзгөчө көңүл бурулду. Айша Мамбеталиева жогорку сапаттагы фото жана видеоматериалдар туристтик продукцияны ички жана эл аралык рынокто жайылтууда негизги ролду ойнойт экендигин баса белгиледи.
Мейман ошондой эле туризм тармагындагы суроо-талапка ээ болгон кесиптерге токтолуп, операторлук кесип келечектүү кесиптердин бири экендигине токтолду.
Жолугушуу түз диалог форматында өтүп, студенттер оператордун ишинин өзгөчөлүгү, технологияларды колдонуу, шыктандырууну кантип издеп табуу боюнча суроолорду беришти.
Жолугушуунун соңунда Айша Мамбеталиева студенттерге ийгиликтерди каалады.