Кыргыздын алгачкы агартуучусу И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата иш-чара
2022-12-21
Биология жана химия факультетинде кыргыздын алгачкы агартуучусу И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата филологиялык билим берүүнүн практикалык курсу кафедрасынын окутуучусу М.Кариева тарабынан уюштурулган иш-чара болуп өттү. 1-курстун Хб-13-22 тайпасынын студенттери И.Арабаевдин өмүр жолу тууралуу видеоролик, дубал гезит жана агартуучунун ишмердүүлүгүн чагылдырган сценкаларды көрсөтүштү.