Blog Image

“Кыргызстандагы социалдык кызматкерлерди даярдоо жана жумушка орноштуруу: көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу жана келечеги ”

Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Жалпы тарых жана социалдык-экономикалык укуктук дисциплиналар кафедрасында социалдык иш багытындагы “Кыргызстандагы социалдык кызматкерлерди даярдоо жана жумушка орноштуруу: көйгөйлөрдү чечүүнүн жолу жана келечеги ” аталышында кереге отурум өттү.

И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу отурумду ачып, катышуучуларга ийгилик каалады.

Кереге отурумдун максаты: калкка социалдык кызмат көрсөткөн социалдык кызматкерлердин коомдогу ордун көтөрүү жана келечек жаштарга көмөк көрсөтүү, элдин руханий маданиятынын курамдык бөлүгү болгон улуттук нарк-ааламдашуу менен санариптештирүүнү айкалыштыруу, кадыр-баркты жана ар-намысты, боорукердикти сактоо жана улуттук баалуулугубузду жогорулатуу.

Аталган иш-чарага КРнын ИИМдин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Нуржан Адылова; милициянын полковниги, мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шаардык реабилитациялык борборунун төрайымы Аманкулова Гульнара; “Үмүт үйү” Бишкек шаардык карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн социалдык стационардык мекемесинин директору Абдылдаева Эркингүл; ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Жашы жете электердин арасында укук бузуунун алдын алуу борборунун (ЖУАБ) алдын алуу инспектору Дина Жакешова; Юстиция министрлигинин алдындагы Пробация департаментинин Эсеп жана мониторинг башкармалыгынын башкы адиси Жанара Жылдызбекова; Чоң-Арык мунципиалдык аймактык башкармачылыгынын социалдык жана уюштуруу боюнча башкы адиси Эльмира Орозобек кызы; Ленин райондук муниципалдык социалдык иштер боюнча адистери Тажибаев Канзаман, Токтомамбетова Алтынай, Талантбекова Гүлзада; Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун социалдык-экономикалык маданий укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Касымбекова Салтанат жана Муниципалдык мекеме үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдары бар аялдарга жардам берүү борборунун директору Карабашева Феруза катышты. Бүгүнкү күндөгү социалдык иштеринин актуалдуулугун жана жумушка орношууда, практиканы өтүүдөгү көйгөйлөр жана аларды жоюунун жолдору, социалдык кызматкерлердин коомдогу орду, баалуулугу тууралуу талкуу жүргүзүлдү.

Кереге отурум Жалпы тарых жана социалдык-экономикалык укуктук дисциплиналар кафедрасынын башчысы Жүрсүн Өмүрованын жетекчилиги менен уюштурулду.