Blog Image

«Кыргызстандын рыногунда инновациялык продукция» аттуу бизнес оюн

16.12.2022

И.Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунда стартап долбоорлорун ишке ашыруунун алкагында жана И.Арабаевдин 140 жылдыгына арналган «Кыргызстандын рыногунда инновациялык продукция» аттуу бизнес оюнун өткөрдү.

Бизнес-оюнга И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык колледжинин, А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжинин, Билим берүүдөгү заманбап маалыматтык технологиялар институтунун кесиптик колледжинин, М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин, Кара-Балта гуманитардык-экономикалык “Абай” колледжинин, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинин студенттери катышты.

Бизнес-оюндун негизги максаты – ички рынокто жаңы инновациялык продукцияны (товарларды, кызмат көрсөтүүлөрдү) көрсөтүү.

Ишкердик оюндун жүрүшүндө командалар инновациялык продукцияны түзүү, андан кийин аны жылдыруу, атаандаштыктын деңгээлин аныктоо, ошондой эле сатуу жана суроо-талап боюнча иштешти. Оюн сегиз этап-кадамдардан турган, мында акыркы максат иштелип чыккан инновациялык продукттун бет ачары болгон.

Алдыга коюлган максатка жетүү жана тапшырманы ийгиликтүү аткаруу үчүн ар бир командага машыктыруучу бекитилип, модераторлор ишкердик оюндун жүрүшүндө тартипти сактап, пайда болгон маселелерге тез чара көрүштү.

Экономика жана менеджмент институтунун студенттери машыктыруучу жана модератор болуп, уюштуруучулук жана лидерлик жөндөмдөрүн көрсөтүштү.

Эң мыкты команданы катышуучулар өзүлөрү эксперт-калыстар тобу менен биргеликте баалоо баракчаларга добуш берүү аркылуу аныкташты.

“Кыргызстандын рыногунда инновациялык продукция” бизнес-оюнунун жүрүшүндө бардык катышуучулар өзгөчө жөндөмдүүлүктөрүн, креативдүү ой жүгүртүүсүн көрсөтүштү, командада иштөөнүн баалуу ыкмаларына ээ болушту жана лидерлик жөндөмдөрүн чыңдашты.

Бардык катышуучуларга сертификаттар тапшырылып, бизнес-оюндун активдүү катышуучулары Акматов Белек жана Тагайбек уулу Руслан-Али (А.Токтоналиев атындагы Бишкек финансы-экономикалык колледжи), Нурканов Али (И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык колледжи), Зоотбеков Нурслан (М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжи), Уланбекова Кармелита («Абай» гуманитардык-экономикалык колледжи), Ардак грамоталар жана сыйлыктар менен сыйланышты, эң мыкты команда дипломдор жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Бизнес-оюн мыкты атаандаштык шартында жана чыгармачыл шартында жогорку деңгээлде өттү.

Жеңүүчүлөрдү куттуктайбыз жана максаттарыңызга жетүү үчүн туруктуулукту, калысьыкты жана кандай кырдаал болбосун оптимизмди каалайбыз!

Бизнес-оюндун уюштуруучулары бизнес-оюнду даярдоодо жана анда активдүү катышкандыгы үчүн коомдук-гуманитардык бөлүмдүн жетекчиси А.Ч. Качкыновага жана кураторлор – Э.А.Долоновага, Г.К.Ли-Тунгатарова (И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык колледжи), БФЭТтин менеджмент жана маркетинг кафедра башчысы М.С.Мукашевага, ИСИТО кесиптик колледжинин атайын дисциплиналар боюнча окутуучусу Ш.А.Халиловага, М.Ибрагимов атындагы Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин окутуучулары А.Н.Иманкулова, А.Т.Кокумова, МУИТ колледжинин куратору Э.Ю.Хусаиновага, «Абай» гуманитардык-экономикалык колледжинин ага окутуучусу А.Д. Жуматаевага ыраазычылык билдиришет.