Blog Image

“Кышкы лагерь – 2023”

«И.Арабаев атындагы КМУнун Энактас» командасынын вице капитаны, академ эдвайзери жана бизнес ментору “Энактас Кыргызстан” коомдук бирикмесинин демилгеси менен өткөрүлгөн 3 күндүк кышкы окуу лагерине катышып келишти.  

 «Кышкы лагерь-2023» макскаты ЖОЖдун атынан чыккан Энактас  командаларынын долбоорлорун ишке ашыруу боюнча аудитке жана Улуттук таймашка даярдоо үчүн уюштурулган. Аудиттен өткөн командалар Улуттук таймашка катышууга мүмкүнчүлүк алышат, уткан команда “Улуттук кубоктун” ээси болуп эл аралык таймашка чыгышат. 

 “Кышкы лагерь – 2023” биздин команда үчүн ийгиликтүү өттү. Жакынкы аралыкта  “КМУнун Энактас” командасы студенттер үчүн “Кышкы лагерь – 2023” жана Улуттук таймаш боюнча маалыматтарды топтом презентациялашат, ошондой эле команданын алдыга койгон иш-пландары туралуу бөлүшүү үчүн кызыккан студенттерди чакырат. 

Бардык суроолор боюнча төмөндөгү дарекке кайрылыңыздар:   WhatsApp +996 709 58 03 08 / Instagram @startup.arabaev