"Кытай салттуу маданияты" аталышындагы иш-чаранын ачылышы
Эл аралык билим берүү программалары институту жана Конфуций Институту тарабынан 7-февралда кытай Жаңы жылына арналган «Кытай салттуу маданияты» аталышындагы иш-чаранын ачылышы болду.
Ага университеттин ректору Айгүл Абдраева, Конфуций Институтунун кытай тараптагы жетекчиси Ду Хуа, кыргыз тараптагы жетекчиси Гүлзат Исаматова жана магистранттар, студенттер катышышты.
Билим берүү жаатында кыргыз-кытай мамилесин бекемдɵɵгө багытталган иш-чарада баяндамалар жасалып, кытай тилиндеги ырлар ырдалып, чай аземи тартууланды.
Кытай Жаңы жылына арналган иш-чара 8-февралда уланат.