Blog Image

Кытайдын Хебейси шаарында КМУнун филиалы ачылат

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу иштери боюнча проректору Талантбек Курманбек уулу Кытайдын Хебейси шаарынын Бай Чоу Ю атындагы билим берүү жана илим компаниясынын генералдык менеджери Бай Жи менен жолугушту. Жолугушууга окуу жайдын Илим, эл аралык мамилелер жана инновациялар боюнча проректору Айгүл Чалданбаева, Эл аралык бөлүмдүн башчысы Рахат Рай кызы жана Табигый илимдер жана туризм институтунун директору Мирлан Дылдаев катышты. Анда келечекте эки тараптуу кызматташуу жана Кытай мамлекетине Кыргыз мамлекеттик университетинин филиалын ачуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү.