Blog Image

Кытайлык магистранттар Эл аралык билим берүү программалары институтун ийгиликтүү аяктады

2021-жылы Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Эл аралык билим берүү программалары институтунун “Колдонмо информатика” жана “Маалымат технологиялары” багыттарына Кытай Эл Республикасынын Хэнан шаарынан 6 адам магистратурага окуганы келген. Анда “Колдонмо информатика” багыты боюнча Фань Синчжо,  Ван Мэн, Чжан Жунюэ жана “Маалымат технологиялары” багыты боюнча Цинь Янань, Сунь Минюй, Чэнь Чжие тапшырышкан. Алар эки жыл аралыгында “Электрондук окуу китебин түзүү үчүн окуу куралдары”, “Медицинада болжолдоо үчүн машиналык үйрөнүү ыкмалары” аттуу  илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп, магистрдик  диссертацияларын мыкты деңгээлде коргошту. Учурда магистранттар Эл аралык билим берүү программалар институтун  ийгиликтүү аякташты.
Ал эми Фань Синчжо PhD докторунтурада окуусун улантмакчы.