Blog Image

Кыз-жигит сармерден

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде «Кыз-жигит сармерден» оюн-зоок кечеси өттү. Анда биздин окуу жайдын кыздары Эл аралык Кувейт университетинин балдары менен таймашты. Бабалардан калган бул улуу мурасты сактап, аны муундан муунга өткөрүүдө элдик таланттардын, андан чыккан көсөмдөрдүн сөз баккан актаңдай акындардын салымы зор. Алардын жолун уланта турчу таланттуу студент кыздарыбыз катышкан “Кыз-жигит сармерден” оюн-зоок кечесинде алгач манас айтылып, комуз күүсү жаңырып, акындык өнөрдү аркалоону көздөгөн кыз-жигиттин айтышы көрүүчүлөрдүн купулуна толду. Кече жаңылмач, табышмак, макал-лакап айтышы жана башка оюн-зооктор менен коштолду.  Эки университеттин ортосундагы достук иш-чара биздин окуу жайдын Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультети тарабынан уюштурулган. Бул сармерден ЖОЖдор арасындагы кызматташтыкты жана достукту арттырууга, студенттердин ынтымагын бекемдөөгө багытталган. Жыйынтыгында калыстар тобу тарабынан тандалган оюндун мыкты катышуучуларына университеттин ректору Айгүл Абдраеванын атынан ыраазычылык каттар тапшырылды.