Blog Image

“Кыз-жигит сармерден” оюну

Бүгүн Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультети 21-февраль Эл аралык эне тил күнүнө жана 23-февраль Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө карата “Кыз-жигит сармерден” оюнун өткөрдү.

Сармерденде Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин мырзалары менен Педагогика факультетинин кыздары кызыктуу оюн куруп, конокторго шаңдуу маанай тартуулашты.

Иш-чаранын максаты кыргыз элинин көөнөргүс салттарынын бири болгон кыз оюндагы Сармерден айтышуу салтын кайрадан жандандырып, жалындаган таланттардын жандуу үнү менен аткарылган ыр-күү, бий, оюндарын көргөзүп, макал-лакап, табышмак, жаңылмач, ыр-күүлөрдүн бир ортого алып келип, элдин жарпын жазып, көӊүлүн көтөрүү болуп саналат.