Blog Image

“Кызыма кат” китебинин бет ачары болду

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде мамиле күтүү маданиятын үйрөткөн “Кызыма кат” жана өмүр бою үзгүлтүксүз билим алуу ишмердүүлүгүн туура уюштурууну үйрөткөн “Билим алууну үйрөн” китептеринин бет ачары болду. Иш-чарада авторлор Гулнур Жапарова менен  Гүлсара Мадаминова китептер тууралуу кеңири маалымат беришти. Жана “Башкача болсо эмне болмок” кыска метраждуу тасмасы көрсөтүлүп, кыз себине берилчү 40 китеби бар сандык презентацияланды.