Blog Image

“Лидерликтин натыйжалуу негиздери” темасында тренинг өттү

Бүгүн 14-мартта Э.Ж.Маанаев атындагы Тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Социалдык иш багытында окуган 1-2-3-курстун студенттерине, кураторлорго  Жалпы тарых жана  социалдык-экономикалык укук билим берүү кафедрасынын  башчысы Жүрсүн Өмүрова менен социология  илимдеринин кандидаты, доцент Батма Кошбакова “Лидерликтин натыйжалуу негиздери” аталышында тренинг өткөрүштү. Иш-чаранын максаты – социалдык иш багытындагы лидерлик көндүмдөрдү калыптандыруу менен кесиптик чеберчиликти өнүктүрүүгө тийгизген таасирин кеңейтүү жана калыптандыруу. Анын жүрүшүндө, студенттер өз ара тайпаларга бөлүнүп, темага байланыштуу топтук иштер жана акыл чабуулдарды, ролдук иштерди көрсөтүштү.