Табигый илимдер жана туризм институтунун студенттери эрте жаздагы өсүмдүктөрдүн вегетациясына байкоо жүргүзүштү
20-апрель күнү Ишеналы Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын биология адистигинин студенттери Чоң-Арык адыр тоолоруна барып, ботаника сабагынан жазгы окуу-талаа практикасын өтүп, эрте жаздагы өсүмдүктөрдүн вегетациясына байкоо жүргүзүштү. Студенттерди практика жетекчилери Үмүтбүбү Кармышова, Гүлбайра Сазыкулова жана Райхан Акжолтоева жетектеп барган. Иш-чаранын жүрүшүндө өсүмдүктөрдүн тиричилигине байкоо жүргүзүү менен гербарийге материал топтоп, теориялык билимдерин бекемдешти.