Blog Image

М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын Биология багытынын IV курсунун студенттери өндүрүштүк практика өтүшүүдө

5-февралдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун Табигый илимдер жана туризм институтунун М.М.Ботбаева атындагы биоартүрдүүлүк кафедрасынын Биология багытынын IV курсунун студенттери республиканын илимий мекемелери жана атайын коргоого алынган жаратылыш аймактары менен түзүлгөн келишиминин негизинде өндүрүштүк практика өтүшүүдө.

Студенттер практиканын алгачкы күндөрүн практика жетекчилери, биология илимдеринн кандидаты, доцент Ү.Кармышова жана окутуучу Н. Имантур кызынын жетекчилиги астында КР УИАсынын Биология институтунун омурткасыз жаныбарлар жана энтомология; ихтиология жана гидрология; омурткалуу жаныбарлардын; биогеохимия жана радиоэкология; микология жана фитопатология; флора, геоботаника илимий лабораторияларында болушуп, аларда жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышты. 

Паразитология боюнча көрүнүктүү окумуштуу, биология илимдеринин кандидаты С. Федёрова студенттерге ички жана сырткы мителер, аны изилдөө тарыхы боюнча маалымат берди. Сырткы жана ички мителерди изилдөөдө аларды кармоо, фиксациялоо жана аныктоо ыкмаларын көрсөттү.

Ихтиология жана гидрология лабораториясынын башчысы Ш.Асылбаева Кыргызстандын суулары жана балыктардын түрлөрү жана эндемиктер жөнүндө маалымат берип, балык чарбалардын учурдагы жетишкендиктери жана көйгөйлөрү, алардын алдын алуу боюнча айтып берди.

Биогеохимия жана радиоэкология лабораториясынын башчысы, биология илимдеринин доктору, профессор, КР УИАсынын мүчө-корреспонденти Б. Дженбаев лабораториянын илимий багыттары тууралуу айтып, лабораторияда иштөөдө биология, физика, химия адистиги боюнча дипломдуу адистер иштей тургандыгын жана изилдөө тармагы тууралуу кеңири айтып берди.  Илимий изилдөөлөрдүн артыкчылыктары жана мүчүлүштүктөрү тууралуу сөз кылып, мамлекеттик, эл аралык илимий долбоорлорду алуу, жазуу боюнча маалымат берди.

Мындан сырткары, студенттер флора лабораториясынын гербардык фонду жана зоологиялык музейди көрүп чыгышты.