Blog Image

«Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу боюнча ата-энелерди агартуу» долбоору онлайн түрүндө 2-этабы уланууда 

«Чоңдорго билим берүү жумалыгын» утурлай, И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети жана “Бирге ден соолук” коомдук фонду ортосундагы кызматташуусунун алкагында 18-24-сентябрь күндөрү И. Арабаев атындагы КМУда «Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерин окутуу боюнча ата-энелерди агартуу» долбоору жүзѳгѳ ашырылды.     
Долбоор актуалдуу болуп, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелер психологиялык-педагогикалык агартуу жаатында зарыл болгон билимдерге жана жѳндѳмдѳргѳ ээ болу – баланын потенциалдуу мүмкүнчүлүктѳрүн ачууга, аны ийгиликтүү социалдаштырууга, мүмкүнчүлүгү чектелген балдары бар үй-бүлѳлѳрдѳ үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнүн ортосундагы гармониялык мамилелерди орнотууга, ата-энелери менен карым-катышууда жагымдуу эмоционалдык маанайды жаратууга ѳбѳлгѳ түзѳѳрүн ѳткѳрүлгѳн иш-чара болду.  
Куттуктоо сѳздѳрү менен И. Арабаев атындагы КМУнун ректору, профессор Айгүл Абдраева, «Бирге саламаттыкка карай» Коомдук фондунун жетекчиси Айнура Суванкуловалар сүйлѳдү. 
И. Арабаев атындагы КМУнун М. Р. Рахимова атындагы кошумча кесиптик билим берүү институтунун алдындагы инновациялык технологиялар жана квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан ѳткѳрүлгѳн мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелери үчүн уюштурулган агартуу курстарынын 1-этабы соңуна чыгып, 60 угуучу окуусун ийгиликтүү аяктады. Ар бир катышуучуга күбөлүк тапшырылды. Бул курстардын 2-этабы азыркы учурда онлайн түрүндѳ уланып жатат.