Blog Image

“Өмүр коркунучтарын алдын алууга өзүң жардамчысың” деген темадагы семинар

Э.Ж.Маанаев атындагы тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин Жалпы тарых жана социалдык-экономикалык укуктук дисциплиналар кафедрасында Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай коому тарабынан “Өмүр коркунучтарын алдын алууга өзүң жардамчысың” деген темадагы семинар өткөрүлдү.

Студенттер жана магистранттардын катышуусунда өткөн семинарда аталган коомдун инструкторлору Рамазан Азатбеков, Наргиза Момункулова өмүр коркунучтарын алдын алуу боюнча лекция өтүп, биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын практика жүзүндө көрсөтүп беришти.

Семинардын максаты адам коопсуздугун камсыздоодо студенттердин, магистранттардын компетенттүүлүгүн калыптандыруунун жолдорун ачып көрсөтүү, биринчи жардамды көрсөтүүнүн негиздерин жогорулатууда инновациялык технологияларды колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуу, жеке коопсуздук жана жабыркаган адамдын коопсуздугу жөнүндө кам көрүү мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо болуп саналат.