Blog Image

М.Р. Рахимова атындагы ККББИде бүтүрүүчүлөр менен жумуш берүүчүлөр жолугушту

5-март күнү М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда бүтүрүүчүлөр жана жумуш берүүчүлөрдүн жолугушуусу өттү.

М.Р. Рахимова атындагы ККББИнин Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы жалпы кызыкчылыкты көздөгөн, өзүн-өзү башкаруу, көз карандысыз, өз ыктыяры менен түзүлгөн жана анын жыйыны иш планга ылайык өттү.

Жумуш берүүчүлөр, бүтүрүүчүлөр жана профессордук-окутуучулук курамдын ортосунда билим берүү системасындагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору жана негизги билим берүү программаларын кеңири талкулоо каралды.

Келечекте, катышуучулар (мектепке чейинки, жалпы орто билим берүүчү мектептер, кесиптик лицейлер жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү) менен бирге иш алып баруу маселелери жана көмөктөшүү максатында келишимдерди түзүү менен жыйын жагымдуу маанайда жыйынтыкталды.