Blog Image

М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин доценти А.Турусбекова Эл аралык Кувейт университетинин студенттерине конок-лекция өттү

М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтун Педагогика жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Анаркан Турусбекова Эл аралык Кувейт университетинин 3-курсунун студенттерине “Балдарды мектепке даярдоонун жолдору жана проблемалары” аталышында конок-лекция өттү.