Blog Image

М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин окутуучулары жана студенттери Т.Сатылганов атындагы музейге барышты

Бүгүн И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы ККББИде Эл аралык эне тил күнүнө карата педогогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы институттун студенттери менен биргеликте кыргыз эл акыны Т.Сатылганов атындагы музейге барышты.  Иш-чарага И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил, жаштар саясаты жана спорт боюнча проректору Жайна Садыкбек кызы жана институттун директору, педогогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлнара Усенгазиева жана башкалар катышты.  Экскурсиянын алкагында институттун директору, педогогика илимдеринин кандидаты, доцент Гүлнара Усенгазиева бүгункү күндөгү билим берүү системасындагы мамлекеттик тилдин ролу тууралуу баяндама жасап, кафедра башчысы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзада Абдалиева кыргыз элинин басып өткөн жолу тууралуу маалымат берди.  

Бишкек шаарынын мэриясынын мемориалдык музейлеринин бириккен дирекциясынын директору Арман Момаханова  музей  менен тааныштырды.