Blog Image

М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин тренерлери Бишкек шаарынын мектептеринин мугалимдеринин кваликафикациясын жогорулатуу боюнча курстарды өтүүдө

22-январдан тартып, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун педагогика жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Гульмира Шамканова «Заманбап билим берүү технологиялары башталгыч мектепте туруктуу билим берүүнүн сапатын жогорулатуунун натыйжалуу каражаты катары» аталышында мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча курстарды өтүүдө. Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын Е.Б.Якир атындагы № 61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин, “Давха” мектеп-комплексинин жана “Наима мектеби” жалпы билим берүү мекемесинин башталгыч класстарынын мугалимдеринин кваликафикациясын жогорулатуу боюнча курстары өттү.