М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда доцент К.Шакирова конок-лекция өттү
31-январда М.Р. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун профессордук-окутуучулук курамына И. Арабаев атындагы КМУнун Экономика жана менеджмент институтунун доценти, экономика илимдеринин кандидаты Клара Шакирова “Илимий басылмалардын маалымат баалары менен иш алып баруу” темада конок-лекция өттү. Лектор илимий макалалардын маалымат базасы менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү жана макалалардын цитаталарын көзөмөлдөө куралдары жөнүндө кеӊири маалымат берди.