Blog Image

М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда онлайн-лекция өттү

17-январда И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун профессордук-окутуучулук курамы Казак Республикасынын журналисти, тарыхчы, изилдөөчү Кажет Андас “Казак гезити жана И. Арабаевдин ишмердүүлүгү” аталышындагы онлайн лекция өттү. Кажет Андас кыргыз-казак элинин ортосундагы изилдөөлөрдүн негизинде Ишеналы Арабаев жана башка агартуучулардын эки эл ортосундагы карым-катнаштар жөнүндө фактылар менен баяндама жасады. Келечектеги экспедиция иштерин алдын-ала талкуулоо менен биргеликте, мындан аркы жүргүзүлүүчү изилдөөлөр жөнүндө да кыскача пикирлер айтылды.