Blog Image

М.Р. Рахимованын жаркын элесине арналган «Кыргыз педагогикасынын улуу устаты” аттуу ЖОЖдор аралык семинар өттү

Бүгүн И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Ысык-Көлдөн чыккан биринчи аял окумуштуу, илимпоз, Орто Азия боюнча биринчи педагогика илимдеринин доктору, профессор, Россиянын эл аралык педагогикалык жана социалдык илимдер академиясынын академиги, чыгаан педагог Рахимова Магрифа Рахимовнанын жаркын элесине арналган «Кыргыз педагогикасынын улуу устаты” аттуу ЖОЖдор аралык семинар өттү.
Семинарды окуу жайдын ректору Айгүл Абдраева ачып берип, М.Р. Рахимованын кыргыз педагогикасындагы орду опол тоодой экенин айтып, жаш муундарга калтырган педагогикалык мурастарын баалоо керектигине токтолду.
Квалификацияны жогорулатуу жана кадрларды кайра даярдоо институту тарабынан уюштурулган иш-чарага аталган институттун профессордук-окутуучулар курамы жана башка ЖОЖдордун окутуучулары катышты. 
Семинардын жүрүшүндө М.Р. Рахимованын эмгектери, басып өткөн жолу, мугалим кадрларды даярдоонун актуалдуу проблемаларын изилдеген монографиялары жана илимий иштери тууралуу кызыктуу баяндамалар жасалды.