М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда логопеддердин квалификациясын жогорулатуу курсу өтүүдө
26-августтан тартып 21-сентябрына чейин И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунда «Жалпы билим берүү мекемелеринде педагог-логопеддин сабак өтүүдөгү кесиптик компетенцияларын калыптандыруу» аталышында тренинг өтүүдө. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын бардык аймактарындагы логопеддердин кесиптик дараметин жогорулатууга багытталган. Тренинг «Маариф» билим берүү комплексинде уюштурулган.
144 сааттык курсту педагогикалык жана гуманитардык билимдер кафедрасынын доценттери Жибек Рахимова, Светлана Новикова жана Рахат Ризаева өткөрүүдө.
Бул тренинг логопед-мугалимдердин билим деңгээлин жогорулатууга жана алардын окуу процессиндеги кесиптик чеберчиликтерин өркүндөтүүгө багытталган.