Blog Image

М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору жана орун басары дайындалды

4-сентябрь күнү И.Арабаев атындагы КМУнун окуу иштери боюнча проректору, профессор Курманбек уулу Талантбек М. Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун директору кызмат ордуна дайындалган педагогика илимдеринин кандидаты, доцент Усенгазиева Гульнара Сабыркуловнаны жана директордун орун басары кызмат ордуна дайындалган философия илимдеринин кандидаты, доц.м.а. Арыпбекова Кайыркүл Бактыгуловнаны институттун профессордук-окутуучулар курамына тааныштырды.
Гульнара Сабыркуловнага жана Кайыркүл Бактыгуловнага бекем ден соолук жана иштерине ийгиликтерди каалайбыз!