М.Р.Рахимова атындагы ККББИнин угуучулары “Жогорку китепкана мектеби” багыты боюнча 5 айлык курсун ийгиликтүү жыйынтыкташты
15, 16-февраль күндөрү И.Арабаев атындагы КМУнун М.Р.Рахимова атындагы Кошумча кесиптик билим берүү институтунун угуучулары “Жогорку китепкана мектеби” багыты боюнча кошумча кесиптик программаларынын 5 айлык курсун жыйынтыктап, аттестацияны ийгиликтүү тапшырышты. “Жогорку китепкана мектебин” мыкты көрсөткүчтөр менен аяктагандыгы жана китепканада заманбап технологиялар менен иш алып барууну жакшы өздөштүргөн угуучулар университеттин ардак грамотасы жана Кыргыз Республикасынын китепканаларынын коомдук бирикмесининин президентинин ыраазычылык каты менен сыйланышты.