Blog Image

Мамлекеттик тил жана маданият институтунда жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өттү 

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору Самат Жумалиевдин жетекчилиги алдында жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу өттү. Бүтүрүүчулөрдү жумушка орноштуруу окуу жай үчүн негизги маселелердин бири. Ошондуктан бул маселени ишке ашырууда потенциалдуу жумуш берүүчүлөр менен жолугушуу абдан маанилүү. 
Иш-чарага институттун бүтүрүүчүлөрү жумушка орношо ала турган Бишкек шаарындагы жалпы билим берүүчү №4, 80, 5 орто мектептеринин, ошондой эле, №20 кесиптик лицейинин жана Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педогогикалык колледжинин директорлору жана орун басарлары катышты. Алар өздөрүнүн мекемелериндеги жумуш эрежелери, эмгек маянасы жана андан ары кесипкөйлүктү жогорулатуунун шарттары жөнүндө маалымат беришти. Андан сырткары квалификацияны жогорулатуу боюнча окутуу курстарына кеңири токтолушту.