Blog Image

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун демилгеси менен Саят Камшыгердин “Сезим сүрөттөрү” ырлар жыйнагынын бет ачары өттү

Бүгүн, 28-октябрь күну, И.Арабаев атындагы КМУда Мамлекеттик тил жана маданият институтунун демилгеси менен Казакстан жазуучулар бирикмесинин мүчөсү, акын, котормочу Саят Камшыгердин “Сезим сүрөттөрү” аттуу ырлар жыйнагынын бет ачары өттү. Кечеге коңшу өлкөдөн акын-жазуучулар Нурлыбек Булжан, Нурталип Шерипказы, Бауржан Эликожа, акын, композитор Булан Жамбыл, кыргыз акын-жазуучулары, ырчылар, эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын мүчөлөрү катышты. Университтин ректору, профессор Айгүл Абдраева акын Саят Камшыгерди ырлар жыйнагынын бет ачары менен чын жүрөктөн куттуктап, ага чыгармачылык ийгиликтерди каалады. Мамлекеттик тил жана маданият институтунун студенттери акындын ырларын көркөм окуп, обондуу ырларын аткарып, акын менен баарлашты.
“Сезим сырлары” ырлар жыйнагынын түзүүчүсү педагогика илимдеринин доктору, профессор Кыялбек Акматов жана баш сөзүн педагогика илимдеринин доктору, профессор Абдыкерим Муратов жазган. Ичиндеги ырлар кыргыз акындар Алтынай Темирова, Назгүл Осмонова жана Улукбек Омокеев тарабынан которулган. 
Бул кече эки элдин маданий-адабий кызматташтыгындагы негизги окуялардын бири болду.