Blog Image

Мамлекеттик тил жана маданият институтунун жамааты Ч.Айтматовдун айкелине гулчамбар коюшту

И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун директору С.Жумалиев, окутуучар курамы студенттер менен биргеликте 12-декабрь Улуттук адабият күнүнө карата Ч.Айтматовдун айкелине гулчамбар коюшту. Бул күн заманыбыздын залкары Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү жана кыргыз поэзиясынын айтылуу акыны Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү. 2011-жылдан бери расмий белгиленип келе жатат. Институттун таланттуу студенттери Ч.Айтматовго таазим этип ырларын айтышты. Ошондой эле жазуучунун айкелинин айланасын тазалай кетишти.