Blog Image

“Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясын жана технологиясын өркүндөтүү”

2022-10-07

Бүгүн, 7-октябрда И.Раззаков атындагы КТУда “Мамлекеттик тилди окутуунун методологиясын жана технологиясын өркүндөтүү” аталышында конференция өткөрүлдү.

Аталган кеңешмеге И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети да катышты.

Алгач, мамлекеттик тилди окутууда колдонулган заманбап ыкмалар, технологиялар, электрондук усулдардын көргөзмөсү тартууланып, андан соң жыйындар залында баяндамалар угулуп, талкуу жүргүзүлдү.

Көргөзмөдө И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети катышуучуларды ишмердүүлүгү менен тааныштырды.