Blog Image

Мастер-класс GO жана дизайн стратегиясы

И.Арабаев атындагы КМУнун алдындагы Стартап борбору коомдук бирикме “Энактас Кыргызстан” менен студенттердин ишмердүүлүк көндүмдөрүн өрчүтүү боюнча келишимдин негизинде иш-чараларга катышып, университеттин Энактас командасын түптөп, кызматташып келет. Бүгүнкү күндө университеттин Энактас командасы “Өнөр юнион” долбоору менен иш алып барууда. Бул команданы ар тараптан өркүндөтүүгө багытталган түрдүү жолугушууларды өткөрүүдө. Ага ылайык, бүгүн, университеттин “Кыргыз руху” залында жаш стартапер Даврон Юлдашев менен “Мастер-класс GO жана дизайн стратегиясы” деп аталган темада жолугушуу өттү. Юлдашев тууралуу маалыматтар менен интернет булактарынан тааныштык. Ал Кыргызстандагы “Sengoku Go”  стартап клубунун негиздөөчүсү. Азыркы тапта Go онлайн курсу аркылуу киреше табуу менен алектенет. Жолугушууда студенттер кызыктуу  маалымат алып, стартап боюнча түшүнүктөрүн жакшыртты деп ишенебиз, ал эми университеттин Энактас командасы  жаңы мүчөлөр менен толукталды.  Стартап борбору - стартап долбоорлор индустриясы! Эгерде сизде жакшы бизнес идея болсо, анда аны биз менен ишке ашырсаңыз болот! Бул жерде сизге ар дайым жардам берүүгө кубанычтабыз.