Blog Image

“Математиканын физикадагы, химиядагы орду” атуу илимий семинар болуп өттү

2022-12-05

Физика-математикалык билим берүү жана маалыматтык технологиялар факультетинин математика жана аны окутуунун технологиясы кафедрасынын уюштуруусу менен И.Арабаевдин 140 жылдыгына карата “Математиканын физикадагы, химиядагы орду” атуу илимий семинар болуп өттү.

Иш чарага факультеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышты.

Математика фундаменталдуу илим катары табигийилимдердин ар кандай багытта өнүгүшүнө жардам берет. Математиканы илимдин ар кандай тармактарында колдонуунун мааниси жана мазмуну жөнундө түшүнүктөрдү берүүменен 3-курстун ФМО-М-13-20тайпасынынстудентери Мурзаев Азизбек Абдуванапович “Математиканын физикадагы орду” аттуу жана Омурова Айгерим Темирбековна “Математиканын химияда колдонулушу” атуу докладдарды окушту.

Семинарда математиканын башка илимдердин тармактарында колдонулуштары тууралуу докладдардын окулушун сунушташты.