Blog Image

Мектеп окуучулары үчүн экскурсия

Бүгүн, кыргыз эл агартуучусу, коомдук ишмер И.Арабаевдин университеттеги музейине Нарын облусунун Таш-Башат айылындагы Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинин окуучулары экскурсияга келишти. Алар келечекте мугалим болууну кыялданышат. Биздин университет педагогикалык багыттагы эң алдыңкы окуу жайы болгондуктан, мында эмгектенген окутуучулар менен баарлашуу алардын изги тилеги болгонун айтышты. Келген мектеп окуучулары биздин университетте окуган студенттердин окуу тажрыйбасы менен таанышты. Аны менен катар, университетти кыдырып, кесип тандоо тууралуу кеңештерди сурап, кызыккан суроолорун берип, алдыдагы мүмкүнчүлүктөр тууралуу кеңири маалымат алышты.