Blog Image

Мектеп жана университеттин ортосунда тажрыйба алмашуунун алкагында 1-ачык сабак өттү

19-октябрда И.Арабаев атындагы КМУнун Мамлекеттик тил жана маданият институтунун орус филологиясы факультетинин орус тилин жана адабиятын окутуунун теориясы жана методикасы кафедрасынын доценти Г.С.Тагаева 4-класска “И.А.Крыловдун “Карышкыр менен мышык” тамсили” деген темада ачык сабак өткөрдү. Ачык сабак мектеп менен университеттин тажрыйба алмашуусунун алкагында өткөрүлдү. Сабакка Бишкек шаарындагы № 72 мектеп-гимназиясынын мугалимдери, И.Арабаев атындагы КМУнун практика башчысы Н.Т. Баястанов, окутуучулар, орус филологиясы факультетинин деканы Н.К.Сегизбаева катышты.