Blog Image

Мектепке чейинки билим берүү профилинин студенттери тарабынан көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү өттү

19-мартта И.Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун мектепке чейинки билим берүү профилинин студенттери тарабынан көрсөтмө куралдарынын көргөзмөсү өттү.

Кореянын Моквон университетинин профессору Ли Ми Ча буга чейин өтүлгөн сабактардын негизинде студенттер менен бирдикте Монтессори педагогикасынын негизинде өтуп келген. Бул методика баланын өз ыктыяры менен тандоо жасоого мүмкүндүк берүүчү, анын өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү айлана-чөйрөнү даярдоону камтыйт. Мугалим баланын каалаган ишин өз алдынча аткарууга жардам берип, анын тандоосун сыйлайт. Бул педагогика балдардын көңүлүн, байкоочулугун, чыдамкайлыгын арттырат. Бул методика боюнча бала өзү менен сыймыктануу сезимине ээ болот жана татаал ишти жасоодон коркпоого, жаңы баскычка өтүүгө, өз эрки менен машыгууга мүмкүнчүлүк берет. Бала өзү тандаган нерсени жасай алгандыктан, анын колундагы жумушка болгон кызыгуусу жана чеберчилиги жогорулап, ал аркылуу концентрация жана үйрөнүү жөндөмү күчөйт.

Көргөзмөнү уюштурууга мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын окутуучулары, 3-4-курстун студенттери активдүү катышты.