Blog Image

КМУнун студенттери кыргыз эл акыны Б.Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраева студенттер менен биргеликте, кыргыз эл акыны Б.Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган иш-чарага катышты.  Иш-чара КРнын ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясында өттү.  Иш-чаранын жүрүшүндө, Назгүл Абдраева акындын чыгармачылыгына арналган илимий баяндама жасады. Студенттер төкмө акындын ырларын көркөм окушту. Жыйынтыгында Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын башчысы Назгүл Абдраевага жана студенттерге ыраазычылык каттар тапшырылды.