Blog Image

Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын доценти Айнура Муратова конок-лекция өттү

13-март күнү И. Арабаев атындагы КМУнун Педагогика жана психология институтунун Мектепке чейинки билим берүү технологиясы кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Айнура Муратова, Т. Эрматов атындагы педагогикалык-музыкалык окуу жайында “Мектепке чейинки билим берүү – замандын талабы” аталышындагы декадага катышты. Декаданын жүрүшүндө “Мектепке чейинки балдардын өнүгүүсүнө жалпы мүнөздөмө” деген темада конок-лекция өттү. Лекцияга “Мектепке чейинки билим берүү” ПЦКсынын жетекчиси Элизат Куштарбек кызы, Т.Эрматов атындагы педагогикалык-музыкалык окуу жайынын Өндүрүштүк окутуу боюнча директордун орун басары  Динара Кутманалиева жана башка окутуучулар катышты.