Blog Image

“Мектепке чейинки курактагы балдардын эмоционалдык интеллектин ѳнүктүрүү: практикалык ыкмалар жана стратегиялар” аталышында симпозиум өтүүдө

Бүгүн, 21-май күнү, И.Арабаев атындагы КМУнун Гуманитардык-педагогикалык колледжи тарабынан “Мектепке чейинки курактагы балдардын эмоционалдык интеллектин ѳнүктүрүү: практикалык ыкмалар жана стратегиялар” аталышындагы орто кесиптик окуу жайлар жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары аралык илимий-практикалык симпозиум өтүүдө.

Илимий-практикалык симпозиум Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаменти менен бирдикте №62 орто мектебинин базасында өтүүдө.

Симпозиумга Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Касымова Нурзида, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү департаментинин башчысы Мусаева Рахат, Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Кесиптик колледжинин окутуучулары, Казакстан Республикасынын Тараз шаарынын Абай атындагы Жамбыл гуманитардык жогорку колледжинин окутуучусу Серикова Забира, Тараз шаарындагы Жамбыл областынын №13 бала-бакчасынын башчысы Тойшибекова Гульжазира, ОшМУнун индустриалдык-педагогикалык колледжинин, К. Мамбетакунов атындагы Нарын педагогикалык колледжинин жана Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун окутуучулары, Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын директорлору жана методисттери катышууда. Симпозиумдун жүрүшүндө 3 секцияда 31 доклад талкууланып, мастер-класстар өтүлөт.

Илимий-практикалык симпозиумдун максаты: бүгүнкү заманбап коомдо актуалдуу маселелердин бири болгон балдардын ишмердүүлүктѳрүнүн ар кандай түрлѳрүндѳ (билим берүү, оюн, чыгармачылык, физикалык жана социалдык) ѳнүктүрүүгѳ багытталган заманбап технологияларды жана ыкмаларды изилдѳѳ. Ошондой эле мектепке чейинки жана ѳспүрүм курактагы балдардын эмоционалдык интеллектин талкуулоо, билим берүү чөйрөсүндө окутуунун салттуу жана санариптик формаларын натыйжалуу айкалыштыруу, сапаттуу жана жеткиликтүү билим берүү чөйрөсүн калыптандыруу маанилүү экендиги белгиленди.

Симпозиум КМУнун Гуманитардык–педагогикалык колледжи тарабынан уюштурулду.