Blog Image

«Менеджмент – ийгиликке карай жол!» аттуу темада конок-лекция өттү

10-апрель күнү  И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Экономика жана менеджмент институтунун студенттерине Кыргызстандагы фармацевтикалык союзунун аткаруучу директору Алмазбек Алтыбаев «Менеджмент – ийгиликке карай жол!» аттуу темада конок-лекция өттү. Ал өзүнүн иш тажрыйбасы тууралуу маалымат берип, студенттерди убакытты туура пайдаланып, көп окуп, жоопкерчиликтүү болууга жана ар тараптуу тренингдерге катышып, азыртадан тажрыйба топтоого чакырды.  Ал эми студенттер А. Алтыбаевден кесипкөй менеджер  болуунун жол жобосун сурап, түрдүү суроолоруна жооп алышты.