Blog Image

“Мода жана стилдин тарыхы” боюнча лекциясына КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин окутуучулары жана студенттери катышты

14-октябрда Г.Айтиев атындагы Кыргыз Улуттук көркөм сүрөт музейинде “Мода жана стилдин тарыхы” боюнча лекция болуп, аны Кыргызстан Дизайнерлер союзунун төрайымы, архитектура илимдеринин кандидаты, доцент Н.Г. Султанова окуду. Лекцияга Бишкек шаарындагы ЖОЖдордун окутуучулары жана студенттери катышты. Лекция угууда И.Арабаев атындагы КМУнун Искусство жана дизайн факультетинин “Костюмдун технологиясы жана көркөм чеберчилиги, текстиль” кафедрасынын окутуучулары жана “Дизайн” (окуу профили “Кийим дизайны”), “Костюмдун, текстилдин искусствосу,” (окуу профили “Костюмдун көркөм чеберчилиги”) багыттарынын студенттери активдүү катышты. Моданын өнүгүшү, мода үйүнүн өнүгүү структурасы жана XX-XXI кылымдын модасынын стилинин тенденциялары жөнүндө абдан кызыктуу билимдерди жана фактыларды алышты. Лекциянын максаты – угуучулардын кеңири чөйрөсүнө модадагы көркөм образ жана анын ишмердүүлүк чөйрөсү; жеке кийим моделдерин жаратууда кутюрьенин ролу; мода моделдери менен алгачкы мода көргөзмөлөрү жөнүндө түшүнүктүн пайда болуу тарыхын айтып берүү болуп саналат.